Улутчул билдирүүлөр менен твиттер үчүн бир жыл абак

Бишкек шаардык соту борбор калаанын Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды, ага ылайык Twitter колдонуучусу Е.В. улутчул маанайдагы билдирүүлөрдү жазган твити үчүн бир жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.

Учурда аял Бишкек шаарындагы СИЗО-1де. Сот өкүмү чыккандан кийин ал Степное айылындагы колонияга которулат. Ага КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний аймактар ​​аралык кастыкты козутуу” беренеси менен айып тагылууда.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи Май райондук соту Twitter социалдык тармагынын колдонуучусуна карата айыптоо өкүмүн чыгарган. 9-апрелде В.Е.П. Твиттерде жазган: «Орустар силерди адам кылган жокпу? Боз үйлөрдө эле жашамаксыңар… бул жерде орустар силерге шаар куруп, ал эми силеи дарбазанын астынан иттей болуп борсулдап үрүп  жатасыңар… эртең Россия айтат: “Бардык карызыңарлы жабууга бир жума убакыт бар” деп. Кытай эки жума убакыт берет… жана Кыргызстандын эки держава бөлүп алат. Ушу менен жашагыла эми».

Добавить комментарий