Улантылат же алынып салынат: карантин маселеси 30-апрелде чечилет

Парламент 30-апрелде өзгөчө кырдаалды узартуу же алып салуу маселесин карайт. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, ушул кезге чейин Президенттин жарлыгы менен Коопсуздук Кеңешинен эч кандай буйрук түшкөн жок.

“Биз, сыягы, Казакстанга окшогон жолду басып өтүп, өзгөчө кырдаалды 11-майга чейин узартабыз. Бирок Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев буга чейин айткан айрым жеңилдиктер менен. Башкача айтканда, айрым ишканаларга, айрыкча тейлөө түйүндөрүнө такси иштетүүгө уруксат берилет”, — деди Дастан Бекешев.

15-апрелде парламент президент Сооронбай Жээнбековдун Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Сузак, Ноокат, Кара-Суу аймактарында өзгөчө кырдаалды 30-апрелге чейин узартуу жөнүндө жарлыгын жактырды. Нарын жана Ат-Башин районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Добавить комментарий