Украинадан эвакуация: Кыргызстандыктар Венгрияга алынып келинди

Украинадан эвакуацияланган Кыргызстандын жарандары азыр Венгриянын аймагында болуп, кийин мекенине жөнөтүлөт.

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркуловдун айтымында, 1-мартта Украина убактысы боюнча саат 11:00дө Киевден чыгып кеткен Кыргызстандын 112 жараны (анын ичинде 2 элчилик кызматкери) бар автобус украин-венгр чек арасына 20 саатта аман-эсен жетип, алар чек араны өтө баштаган.

Ал белгилегендей, Венгрияда аларды Кыргызстандын Венгриядагы элчилигиндеги кесиптештери тосуп алат.

«Ошондой эле чек арада айрым жарандар Украинада жүрүү шарттарын бузушкан (каттоосуз жүрүү 90 күндөн ашкан), бул кошумча жүктү жаратканы белгилүү болду. Бул маселени да элчиликтин кызматкери жеринде ыкчам чечип жатат.

Белгилей кетсек, автобустун айдоочусу жана аны коштоп жүргөн адамдар коопсуз жана тынымсыз каттамдар тууралуу маалымат алып турушкан, бул биздин автобустарды тез арада көздөгөн жерине жеткирүүнүн натыйжасы болгон.

Мындан тышкары, бул колоннада кеткен дагы 3 жаран жолдон каттамды өзгөртүү каалоосун билдирип, Польшага өз алдынча киришкен», — деп жазган дипломат социалдык тармактарга.

Добавить комментарий