РАБ КМК тергөөчүлөрү Оштун экс-мэринин тууганына кол салуу боюнча шеригин кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Такталып жаткандай, кармалган адам 34 жаштагы Т.И. Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну. Ал убактылуу кармоочу жайга камалды.
“Ички иштер министрлигинин КМК Региондор аралык башкармалыгынын маалыматы боюнча, мурда соттолгон жаран Т.И. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган, “положенец” кылмыштуу статусуна ээ. Кылмышка катышкан башка адамдарды кармоо боюнча чаралар көрүлүүдө”, — деп билдирди ИИМ.
Эске салсак, 11-январга караган түнү Ошто түштүк борбордун мурунку мэри Айтмамат Кыдырбаевдин тууганы Улан Райымбековду сабап салышкан. Аны жерге кулатып, тепкилешкен. Белгисиз адамдар анын сумкасын, травматикалык тапанчасын алып, белгисиз тарапка көздөн кайым болушкан. Кийинчерээк милиция үч шектүүнү кармаган, анын ичинде Казак деген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү да бар.