Тоо-таштагы аркар-кулжаны кимдер аттырат? Аңчылык чарбалардын ээлери

Өкмөт ага каршы чыгып, мындай өзгөртүүлөргө мамлекеттик органдар каржылык маселелерден улам даяр эместигин жүйө келтирген.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкө аймагындагы аңчылык чарбаларды тизмектеп, ага кимдер ээлик кыларын тактап көрдү. Себеби алар чет элдиктердин аңчылык кылуусуна түзмө-түз көмөктөшүп акча табат.

Үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрына чейин өлкө аймагындагы аңчылык чарбалар чет элдиктерге 31 аркар-кулжа, 262 тоо теке, беш элик жана үч карышкыр аттыруга жардамдашкан.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, учурда өлкө аймагында 41 чарба аңчылык менен алектенет. Алардын ишмердүүлүгүн аталган мекеменин Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти көзөмөлдөйт.

Жаныбарларын аттыруудан КР канча табат

Аңчылык кылуу тартиби боюнча жыл сайын мамлекет тарабынан квота бөлүнөт. Анын негизинде жеке чарбалар кайсы жаныбарды каяктан канчасын атууга уруксат берилгени белгиленет. Ошондо гана лицензиясы бар ЖЧК аркар-кулжа, тоо теке, элик жана карышкыр атууга кызыккан чет элдиктерди өздөрү таап, коштоп аңчылык кылдыртат.
Өкмөт саткан лицензиянын акчасынын 25 пайызы жаныбар олжолонгон аймактын жергиликтүү бюджетине, 40 пайызы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигине жана калган 35 пайызы аңчылык чарбасына түшөт.

«Арпа-Марко-Поло»

ЖЧКны Жандаралиев Темирбек Капарович жетектеп, негиздөөчүлөрү катары Алымкулова Мира Абдумаликовна, Субанов Ринат Жолдошбекович, Акаев Рысбек Чилтенович аттуу жарандар көргөзүлгөн. Аңчылык чарба 2019-жылдын 1-ноябрына чейин сегиз тоо теке атканга үлгүргөн.

«Спорттук аӊчылыкты сүйүүчүлөрдүн коому»

Коомдук бирикмени Ашымова Элиза Жумабекова ачып жетектеп келет. Чарба 2018-жылы өкмөткө эки миллион 46 миң сомдой акча төгүп, быйыл чет өлкөдөн келгендерге бир аркар, сегиз тоо теке атууга көмөктөшкөн.

«Тур-Хан-Тенгри»

Юстиция министрлигинин расмий сайтында Бишкекте катталган чарбаны Усенов Нурдин Туратбекович ачып иштетип келгендиги жазылган. ЖЧК 2019-жылы эки тоо текени чет элдиктерге аттырган. Бул чарбада үстүбүздөгү жылдын жай мезгилинде каргаша болуп, 29 жаштагы кароолчу эки адамды атып өлтүрүп, бир аялды барымтага алып качып кеткен.

«СЕВИАН»

Кыргызстанда атылган жаныбарлар менен канаттуулардын саны
Жоопкерчилиги чектелген коом 2010-жылдан бери иштеп келет. Аны Шестаев Сергей Вениаминович, Матвеев Виталий Николаевич аттуу жарандар ачкан. Бул жылы аталган чарба эки аркар-кулжа, беш тоо теке атууга уруксат кагазын алып, эки тоо теке атууга жетишкен.

«Аскер аңчылык коому»

Аңчылык менен алектенгендердин башын бириктирген коомдук уюмду он жаран негиздеп, аны Джангазиев Алмаз Джангазиевич жетектейт. Чарба өткөн жылы мамлекетке 1 миллион 368 миң сомдук төлөм аткарып, быйыл алты тоо теке, 200 кекилик, 30 көгүчкөн аткан.

«Юг-Эко-Хант»

Аталган жоопкерчилиги чектелген коом жаныбарлардын териси менен иш алып барат. ЖЧКны Сыдыков Болотбек Султанович ачып, өзү жетектейт. Аңчылык чарба жыл башынан бери 50 суур, 10 тоо теке, эки аркар-кулжа аткан.

«Чатыр-Таш»

Бул аңчылык чарбаны Тойбаев Мирбек Айдарбекович негиздеген. Аталган ЖЧК 2019-жылы 700 миң сомдук эки аркар, 100 миң сомдук үч тоо теке аткан.

«Таамай»

Бул ЖЧКны Мурзаев Сүйүнбай, Осмонкул уулу Намазбек ачкан. Ат-Башы районундагы аңчылык чарба 2019-жылы эки аркар-кулжа, 14 тоо текени чет элдиктерге аттырган.

«ТОО-ЧОЛПОНБЕК»

Жоопкерчилиги чектелген коом өткөн жылы өлкө казынасына үч миллион сомго чукул төлөмдөрдү аткарып, 2019-жылы эки аркар-кулжа, 18 тоо теке, бир карышкыр, сегиз суур атууга жетишкен. Аны Мияев Бердибек Мэлисович аттуу жаран негиздеген.

«КАБО»

Нарын облусундагы аңчылык чарбаны Нурмухамед кызы Алиман иштетип келет. Өткөн жылы ал ЖЧК 574 миң сомдой салык төлөп, быйыл чет элдиктер менен үч тоо текеге аңчылык кылган.

Кайберендин каргышына калба

Ал чарбага Иманбеков Мирланбек Дуйшенович ээлик кылып жетектеп келет. Жоопкерчилиги чектелген коом 2018-жылы мамлекетке бир миллион 300 миң сомдой төлөгөн. Үч аркар-кулжа, үч тоо теке атууга уруксат алып, эки тоо текени чет элдиктерге аттырууга жардамдашкан.

«ОКЧОНТОЙ»

Аңчылык чарба 2015-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Аны Ибраева Назира Темирбековна, Алиев Акылбек Сагынович негиздеген. Чарба быйыл чет элдиктерге бир аркар, тогуз тоо теке, бир карышкыр атууга кол кабыш кылган.

«Муфлон»

Жоопкерчилиги чектелген коомду Абыканова Дилбара Камбарбековна ачкан, директору Омуралиев Жумабек Сатындыевич. Акыркы беш жыл чарба өкмөткө он миллион сомдон ашык каражат төгүп, үстүбүздөгү жылы эки аркар-кулжа, жети тоо теке аттырган.

«Аргали»

Юстиция министрлигинин расмий сайтында аталган токой чарбасынын негиздөөчүсү жана жетекчиси катары Субанов Жолдошбек Омурканович көрсөтүлгөн. ЖЧК быйыл бир да жапайы жаныбар аткан эмес.

Добавить комментарий