Темир жол согушу: Беларуста 50 темир жолчу кармалды

Беларуста Россиянын аскерий техникасынын Украинанын аймагына өтүшүнө тоскоолдук жараткандар терроризмге жана тыңчылыкка шектелип кармалды.

Жалпысынан Украинанын аймагында согуштук аракеттер башталгандан бери Беларуста 50дөн ашык адам камакка алынган, алардын жарымынан көбү темир жолчулар.

Бул тууралуу беларустук «Вясна» укук коргоо уюму билдирди.

Темир жолчулардын нааразылык кыймылы «темир жол согушу» деп аталды. Анын катышуучулары орус согушуна каршы митингдерге чыгууга гана эмес, Беларустун аймагынан мүмкүн болгон согушка тоскоолдуктарды жаратууга багытталган иш-аракеттерди көрүүгө үндөшүүдө.

«Беларус темир жолчулар жамааты» Telegram каналы экстремисттик уюм деп таанылды.

Беларустун темир жолчулары Украинанын аймагындагы согушту токтотууга бирдиктүү эмес. Кибер партизандык хакерлер тобу орус аскерлеринин Украинага жетүүсүн алдын алуу үчүн өлкөнүн темир жол тармагына кол салышкан. Украин армиясына жардам берүү үчүн ыктыярдуу батальон, Кастусь Калиновскийдин батальону түзүлгөн.

Маалымат үчүн! Катусь Калиновский – революционер-демократ, публицист, акын, 1863-жылдагы азыркы Беларус менен Литванын аймагындагы поляк көтөрүлүшүнүн жетекчилеринин бири. Көтөрүлүш Россия империясынын бийлигине каршы көтөрүлүп, 1772-жылдын чегинде Речь Посполитанын калыбына келтирүүгө багытталган.

«Беларус Россиянын Украинага каршы аскердик операциялары үчүн плацдармы болуп калды. Ал эми Лукашенко менен Путиндин ортосундагы достук жана көз каранды мамилелер өлкөнүн элин Батыштын санкцияларынын кысымы астында жашоого мажбур кылды, бул сөзсүз түрдө жашоо деңгээлинин начарлашына алып келет», – деп жазат украиналык саясат таануучулар учурдагы кырдаалды комментарийлеп.

Добавить комментарий