Түркия Кыргызстанга аскердик техникасын тапшырды

Түркия Республикасынын Коргоо министрлиги Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө аскердик-техникалык жабдууларды, аскердик унааларды жана атайын техникаларды тапшырды.

Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Коргоо министринин орун басары Таалайбек Усубалиев Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө материалдык-техникалык жардам көрсөткөндүгү жана Түркиянын аскердик окуу жайларында кыргыз аскер кызматкерлерин окутууга көмөктөшкөндүгү үчүн Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доганга ыраазычылык билдирди.

Ал белгилегендей, кыргыз тарап кызматташуунун учурдагы жана келечектүү багыттары боюнча эки тараптуу байланыштарды мындан ары да кеңейтүүгө даяр.

Добавить комментарий