КР вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагы боюнча сынак комитетинин отурумунун жүрүшүндө аймактардагы балдардын жана жаштардын билимине жана ден-соолугуна өзгөчө көңүл бурула тургандыгын айтты.
Ал сынактын Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылында өткөрүлүшүн символикалык деп атады.
«Сынак региондордогу социалдык көйгөйлөрдү көтөрүп гана тим болбостон, артыкчылыктуу багыттарды жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк түзөт. Анын ичинде Туруктуу Өнүгүү Максаттарын, Балдардын Укуктары жөнүндө Конвенцияны жана республика тарабынан кабыл алынган башка эл аралык милдеттенмелерди, ошондой эле жергиликтүү программалар менен стратегияларды ишке ашыруу. Бул демилгенин башка программалар менен стратегиялардан айырмасы жаштардын сөзсүз түрдө жергиликтүү бийлик тарабынан балдарга жана жаштарга байланыштуу чечимдерди кабыл алуу процессине катышуусунда», – деди Эльвира Сурабалдиева.
Аймактык саясаттын концепциясына ылайык, аймактарда билим берүү, саламаттык сактоо, спорт, балдарды коргоо боюнча программалар ишке ашырыла тургандыгын айтты.
«Ошондуктан, «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» долбоорун балдардын жана жаштардын демилгелерин колдоо программасы катары кароого болот. Сынакты баалоонун көрсөткүчтөрү болуп жергиликтүү деңгээлдеги чечимдерди кабыл алууга жаштардын катышуусу, жаштардын өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү, коопсуздук, билим берүү, саламаттык сактоо маселелери, ошондой эле турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөргө жардам берүү маселелери кирет. Пандемияда билим берүү жана саламаттык сактоо маселелери өзгөчө мааниге ээ», – деди вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева.
Маалымат үчүн:
Сынак КР Өкмөтүнүн демилгеси менен өткөрүлүп, аны Өкмөткө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик КР Улуттук Стратегиялык Изилдөө Институту (УСИИ), БУУнун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) жана коомдук уюмдар менен биргеликте өткөрүүдө. Сынакка өлкөнүн 18 шаары катышууда.
Сынактын байге фонду:
1-орун – 3 миллион сом;
2-орун – 2 миллион сом;
3-орун – 1 миллион сом.
Ошондой эле, ар тараптуу баалоо боюнча эң жогорку упай топтогон 10 шаарга «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» наамы ыйгарылды.