Улуттук статистика комитети жума сайын жүргүзүлүүчү мониторинг учурунда республиканын 18 калк жашоочу пункттарында көмүрдүн орточо баасына байкоо
Декабрь айынын биринчи жумасында көмүргө болгон орточо баа (импорттук жана жергиликтүү өндүрүштүн) ноябрь айынын баалары менен салыштырмалуу бир тонна үчүн 81,55 сомго же 1,7 пайызга төмөндөдү. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин сайтында жарыяланган.
Өтүп бара жаткан аптада көмүргө болгон эң жогорку баалар Кара-Суу (тоннасы 8 124 сом), Ноокат (7 587 сом) жана Баткен (7 140 сом) шаарларында катталды. Ал эми эң арзандары Балыкчы (тоннасы 3 694 сом), Нарын шаарларында (3 549 сом) жана Чаек айылында (2 500 сом) болду.
Бирок айрым жерлерде көмүргө болгон баа өскөн учурлар дагы байкалды. Мисалы, Өзгөндө тоннасы 733,67 сомго же 15,6 пайызга жана Токтогулда тоннасы 421,05 сомго же 8,4 пайызга кымбаттады.