Швейцария Кыргызстандын калкынын ден соолугун чыңдоо долбооруна 5 миллион франк бөлөт

Бүгүн, 19-июлда эки өлкө Кыргызстан менен Швейцариянын ортосунда кыргыз элинин саламаттыгын сактоо жана чыңдоо үчүн кошумча 5 миллион франк бөлүү боюнча келишимге кол коюлганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Каражат бөлүү боюнча келишимге 19-июлда саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков менен Швейцариянын элчиси Оливье Бангертер кол коюшту.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, “Кыргызстанда жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоору 2018-жылдан бери иштеп келе жатат жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алууга багытталган, ошондой эле калктын ден соолугун чыңдоого салым кошууда.

Учурда долбоор экинчи фазада. Аны улантуу үчүн Швейцария өкмөтү Кыргызстанга 5 миллиондон ашык швейцар франкы бөлгөн.

Касымбеков билдиргендей, долбоордун алкагында Кыргызстандын түндүк аймактарындагы бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер жана медайымдар компьютердик техника менен камсыздалат.

«Бул саламаттык сактоо тармагын санариптештирүүгө абдан чоң салым. Бул иш-аракеттердин баары системага жакшы интеграцияланган жана долбоордун аягында бардык иш-чаралар токтоп калуу коркунучу жок. Долбоорду өлкөнүн түштүгүндө ишке ашырууда дагы ушундай жыйынтыктарды күтөбүз», – деди Саламаттык сактоо министрлигинин башчысынын м.а.

Саламаттык сактоо министрлиги төрт жылдын ичинде долбоор Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарын, ошондой эле Ош жана Бишкек шаарларын камтый турганын билдирди.

Долбоордун үстүндө Кыргызстандан “Хелси Фьючер” коомдук бирикмеси, Германиядан GFA Consulting Group жана Даниядан Euro Health Group иштейт.

Добавить комментарий