Шектүүлөрдү бир жума бою коноктоп, «өзгөчө сый» көрсөткөн офицердин жубайы же А.Асаналиеванын окуясы

Астра Асаналиева менен Уланбек Жаманкулов 26 жылдан бери чогуу түтүн булатып келишет. Бул аралыкта Уланбек Жаманкулов аймактык тескөөчүдөн баштап Кочкор РИИБдин башчысынын орун басары болууга чейин жетишсе, Астра Асаналиева мугалимдиктен райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу-методикалык кабинетинин башчысы кызматына чейин көтөрүлгөн.

Кыялыма жеттим

Биздин балалык союз маалына, тактап айтканда 1980-1990-жылдарга туш келди. Ал убакта азыркыдай унаа жок болчу. Айылдардан райондун борборуна сары автобус график менен каттайт эле. Ал автобуска эл жык-жыйма толуп, айрым учурда жол тоскондо албай да кетчү. Ал эми жеке менчик унаалар бирин-серин эле. Бир жолу айылдагы аймактык тескөөчүнү киши толтура болгон сары автобус да, жеңил унаалар да калтырбай алып кетишкенин байкап калдым. Бул көрүнүш мага чоң таасир калтырды.

Ал узун бойлуу жигит эле. Балалык кыял менен менин болочоктогу күйөөм «ушул жигиттей чыкыйып форма кийген мырза болсо» деп койгом. Кудайдын буйругу менен менин да жолдошум милиция кызматкери болду. Улан экөөбүз Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде чогуу окуп жүрүп баш кошконбуз. Окуубузду аяктагандан кийин жолдошум 1997-жылы Кара-Күңгөй айылында аймактык тескөөчү болду.

Шектүүлөрдү бактым

Милиция кызматкерлеринин жумушу оор экени баарыбызга белгилүү эмеспи. Айрым учурда күнү-түнү иштеп, жумушка эрте кетип, кеч келген учурлар абдан көп болот. Жолдошум өзү деле «балдардын кантип чоңойгонун билбей калдым» деп айтып калат. Жогоруда айткандай, жолдошум эрте кетип, кеч келгендиктен балдарыбыз «атам кечинде үйгө келдиби?» деп сурап калышчу.

Жанындагы адамдын кыймыл-аракети, мүнөзү жугат дегенге ишенип калдым. Себеби мен дагы кыраакы болуп, ар нерсенин ийне-жибине чейин байкайм. Улан «сен менден өтүп баамчыл болуп калдың» деп калат. Мен болсо ага тамашалап, «сен подполковник болсоң, мен генерал болуп калдым» деп калам. Офицердин жубайы болгондуктан алардын тилин түшүнүп, ал гана эмес үйгө алып келген кылмышка шектүүлөрдү да 1 жумалап багып жүрдүм. Бир күнү жолдошум түн жарымында жаш келин менен бир жигитти алып келди. Аларга тамак берип, төшөк салып жаткырып койдук. Күйөөм: «Астра сен уктабай тигилерди тыңшап жат, качып кетишпесин» деп өзү уктап калды. Мен таң аткыча аларды кайтардым.

Эртең менен чайымды берем, түшкө тамак жасайм. Алар күйөөм менен кошо РИИБге барып кайра келишет. Ошентип аларды 1 жума бактым. Көрсө ал жаш жигит 5 жыл мурун талап-тоноо фактысы менен изделип, колго түшпөй жүргөн экен. Аны күнөөсү далилденмейин убактылуу кармоочу жайга киргизбейт экен. Мындай учурлар көп эле болду.

Майрамда кармалган кылмышкер

Бир жолу милиция кызматкерлеринин майрамына даярдануу үчүн кесиптешинин үйүнө уулубузду көтөрүп чогуу бара жатканбыз. Жолдошум бет маңдайыбызда чар сумка көтөргөн жигиттин келе жатканын көрүп, баланы жерге түшүрүп, тиги жигиттин колун толгоп кармап калды. Ары жакта келе жаткан ЖКККБнын унаасына салып жөнөтүп жиберди. Биз конок тосчу үйгө барып, даярдык көрө баштадык. Мал союп, бата кылмакпыз. 3 сааттай жетекчини күтүп отурдук.

Бир маалда кирип келди. Маанайы жакшы экен. «Кылмыштын бети ачылды, майрамды баштайлы» деди. Көрсө алдыбыздан чыккан жигит азык-түлүк саткан күркөнүн ээсин өлтүрүп койгон экен. Аны бир топ күндөн бери колго түшөрө албай жүрүшүптүр. Жолдошум майрамга жакын түн ичинде сыртка чыгып кетип, кайра эки сааттан кийин келчү. Көрсө ошону таппай жүрүптүр. Тиги жигитти шектүү катары кармап, РИИБге алып барышканда маркумдун кызы атамдын пальтосун кийип алыптыр деп жигиттин үстүндөгү кийимди көрсөткөн экен. Ал дүкөнчүнү өлтүргөндөн кийин анын пальтосун кийип кеткен экен.

Добавить комментарий