Бүгүнкү күндө жол эрежеси бузулганы боюнча чыккан 417 545 токтомдун негизинде айып пул толугу менен төлөндү. Бул тууралуу Медербек Шабданов радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган көрсөткүч айып пулдардын 50 пайызы өндүрүлгөнүнөн кабар берет.
«Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабы ишке киргени 2019-жылдын 1-декабрына чейин Эреже бузуулар кодексинин алкагында 848 799 токтом чыкты. Алар өз даректери боюнча жөнөтүлүп, 417 545 автокөлүк ээси айып пулун толугу менен төлөдү. Мындан сырткары, ЖКККББ тарабынан чыгарылган буйруктун негизинде Мониторинг борборунда атайын комиссия түзүлгөн. Жарандар токтом менен макул эмес болсо аларга кайрыла алат. Эгер комиссия арыз ээсинин пикирин жүйөөлүү деп тапса токтом жокко чыгарылат. Бүгүнкү күндө 2000ден ашуун кайрылуу келип түштү. Анын ичинен 300 токтом күчүндө калтырылса, калганы жокко чыгарылды», — деди Шабданов.
Ал ошондой эле «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргени Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча жол кырсыктарынын саны 40 пайызга төмөндөгөнүн кошумчалады.