Санариптик кодекси – бул мамлекеттик башкаруу системасындагы жаңы кайра жүктөө системасы, — Талантбек Иманов

Бишкекте “Санариптик кодекс” долбоорунун бет ачары болуп өттү. “Санариптик Конституция” санариптик доордо мамлекеттик башкарууда адаптацияланган системаны түзүүгө жардам берет.

Бүгүн, 19-январда Бишкек шаарында Санариптик өнүктүрүү министрлиги КР “Санариптик кодексинин” долбоорунун концепциясын тааныштырды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов жаңы кодекс деген эмне жана ал эмне үчүн керек экенин айтып берди.

«Санариптик кодекс бирдиктүү документ, санариптик Конституция болуп калат, ал санариптик технологиялар чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун гармониялуу системасын түзүүгө жана санариптик технологияларды колдонуу менен байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө салуунун бирдиктүү эрежелерин колдонууну камсыз кылууга тийиш», — деди ал.

Министр ошондой эле сунушталып жаткан долбоор өлкөнүн мыйзамдарын масштабдуу талдоонун жана алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаны изилдөөнүн натыйжасы экенин белгиледи.

Санариптик кодексти ишке ашыруу кыргызстандыктардын жашоосун жөнөкөйлөштүрүү, санариптик кызматтарды алуу системасын жакшыртуу жана калкка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү комплекстүү өнүктүрүүнү камсыз кылуу пландаштырылууда.

Добавить комментарий