Санарип документтериңизге кантип кирүүгө болот

Кыргызстанда электрондук документтердин программасы сыноодон өтүүдө, анын техникалык иштеп чыгуучусу КР СӨМ алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы.

Программанын кызматын колдонуу үчүн сиз төмөнкүлөрдү аткарышыңыз керек:

– КТБда булутка негизделген электрондук санарип колтамга алуу;

– App Store же Play Marketтен «Түндүк» тиркемесин жүктөп алуу;

– булуттуу санарип колтамганы колдонуу менен мобилдик тиркемеге кирүү;

– тиркемеде «Санариптик документтер» бөлүмүнө өтүү;

– документти тандоо жана бөлүшүү;

– телефондун экранында пайда болгон PIN жана кыска кодду айтуу.

МААНИЛҮҮ: Тест режиминде документтердин кагаз түрүндөгү версиясы талап кылынат!

Добавить комментарий