Саламаттык сактоо министрлиги шаар тургундарын тойлорго барбоого жана өзүн-өзү дарылабоого чакырат

Коронавирустук инфекция белгилери бар бейтаптар райондук дарыгерлерге кайрылышы керек.

Бул тууралуу Саламаттыкты Сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифингде билдирди.

Анын айтымында, коронавирус менен ооруканага жаткандардын арасында жаштардын саны көбөйдү.

«Жаштар оор абалда болушат, анткени алар ооруну олуттуу кабыл алышкан эмес жана өзүн-өзү дарылаган. Өзүн-өзү дарылабаңыз, ар кандай кеңештерди укпаңыз, жергиликтүү дарыгерге кайрылууну унутпаңыз», – деди Сабиржан Абдикаримов.

 Министр дагы бир жолу Кыргызстандыктарды санитардык нормаларды сактоого үндөдү.

“Беткаптарды кийиңиз; тойлорго же башка иш-чараларга барбаңыз. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгын жуктурган учурлар көп болуп жатат”,- деди ал.

Өлкөдө COVID-19нын бүткүл мезгилинде 5 миң 17 адам жуккан. 2 миң 294 адам айыгып кетти.

 

Добавить комментарий