Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдайт! Кыргызстанда 21-апрелде эртең менен коронавирустун 22 жаңы учурлары аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттөгү брифингде билдирди.
Анын айтымында, жаңы учурлар:
– Бишкек шаарында — 8
– Ош шаарында — 6
– Нарын облусунда — 5 (Ат-Башынский район)
– Ош облусунда — 3 (Ноокат району — 1, Өзгөн району — 2)
21-апрелде Кыргызстанда коронавирустун 590 учуру катталган.