Саламаттыкты сактоо министри чалдыккандардын ден соолугу тууралуу айтып берди

Үч Ноокат районунун коронавирус менен ооругандардын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын айтымында, аларда негизинен, пайда жана жок болгон туруксуз температурасы бар. «Кечээ мага видео жиберишкен — алардын баары суйлоп жатышат, ал эми руханий жактан, алар бир аз кабатыр. Ал жерге азыр эч кандай кабыл алуу жок, ошол жерге барган дарыгерлер да чыгышпайт», — деди ал.

«Бүгүнкү күндө биз дагы бир жолу талкууладвк, биз так протокол аныктадык. Бул тууралуу расмий түрдө иш алып барылат», — деп кошумчалады ал.

Министр  алардын жеке маалыматты жана алар менен мамиле кылган оорукана тууралуу айта албайм деп билдирди. «Мен бир гана алардын абалы тууралуу сөз кыла алам. Алардын абалы Жакшы «, — деди ал.

Добавить комментарий