Садыр Жапаровдун тушунда армияга бюджеттен көп каражат бөлүнө баштаган

Элдик Курултайдын акыркы жыйынында Кыргызстандын президенти учурда кыргыз армиясы абдан жакшы каржыланып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, анын келиши менен кайрадан Коргоо министрлиги түзүлүп, армия бекемделе баштаган.

«Биздин аскер кызматкерлери көбүрөөк көңүл бура баштаганына өзүңүздөр күбө болдуңуздар. Мен бийликке келгенде бронетранспортерлерибиз жок болчу, анан бюджеттен болуп көрбөгөндөй акча бөлө баштадык. «Тигр» бронетехникаларын, оор аскердик техникаларын, ТБ-2, «Акынджы»,  «Аксунгур» учкучсуз учуучу аппараттарын сатып алдык. Заманбап аскердик техникалар, курал-жарактар ​​сатылып алынды», — деди Садыр Жапаров.

Добавить комментарий