Кыргызстанда республиканын Президентинин жарлыгына ылайык бир катар жогорку жана атайын окуу жайлары кайра түзүлөт.
Бул кайра түзүүгө ылайык, бир катар университеттер жана техникумдар же ири университетке кошулат, же бир нече ЖОЖдордон жана техникумдардан бир ири университетти түзөтт.
Булар төмөнкү окуу жайлары:
М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети, Бизнес жана социалдык өнүктүрүү академиясы, А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык колледжи кошулуп, ага изилдөө университети статусун ыйгарышат;
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети кошулат;
Ош мамлекеттик университети, Ош мамлекеттик юридикалык институту кошулат;
И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, академик У.Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен иштери жана жаратылыш ресурстарын өнүктүрүү университеттери кошулат.