Руслан Казакбаев ТИМ башчысы кызматынан кетти

КР Президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Руслан Казакбаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду, бирок ал кайсы кызматка дайындалганы белгисиз.

Буга чейин президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген Жээнбек Кулубаев тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

55 жаштагы Руслан Казакбаев тышкы иштер министри кызматына 2020-жылдын октябрында келген. 2015-жылы «Республика-Ата Журт» партиясынан депутат болуп шайланган. 2010-2012-жылдары ал буга чейин тышкы иштер министри болуп иштеген.

Жээнбек Кулубаев 1963-жылы Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылында туулган. Москвадагы Аскер институтун жана Кытайдын ТИМинин Дипломатиялык институтун бүтүргөн.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1992-1996-жылдары – КР ТИМде ар кандай кызматтарда иштеген;

1996-1998-жылдары – ТИМдин Азия жана Африка бөлүмүнүн башчысы;

1998-2000-жылдары КРдин Кытайдагы элчилигинин кеңешчиси;

2001-2003-жылдары ТИМдин Азия жана Африка бөлүмүнүн башчысы;

2003-2004-жылдары – КРдин Тышкы иштер министринин орун басары;

2004–2006 — ШКУнун Аткаруучу катчысынын орун басары (Пекин);

2006-2007-жылдары – Өзгөчө кырдаалдар боюнча элчи, ТИМдин Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин директору;

2007-2009-жылдары – КРдин Малайзиядагы элчиси;

2009–2013-жылдары – КРдин Кытайдагы элчиси;

2010-2013-жылдары – КРдин Монголиядагы жана Сингапурдагы элчиси (резиденциясы Пекинде);

2013–2016 — ТИМдин Азия жана Африка департаментинин директору;

2016-жылдан 2018-жылдын октябрына чейин – ТИМдин 4-Саясий департаментинин директору;

2018–2021 – КРдин Казакстандагы элчиси;

2021-жылдын августунда президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

КР Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси дипломатиялык рангы бар.

Добавить комментарий