Коронавирустун эпидемиясынын жана ооруканадан сырткары пневмониянын эпидемиясынын кесепетинен келип чыккан оор кырдаалга байланыштуу, өлүмдүн жогорку деңгээли менен коштолгон Россияда жашаган Кыргызстандыктар Кыргыз Республикасынын медициналык уюмдарына олуттуу жардам көрсөтүштү.
Россиядагы Кыргызстандыктар Бишкек шаарынын мэриясына 524,000 рублге дары-дармектерин беришти. Бул тууралуу борбордук муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, каражат «Табарман» коому жана «Садовод» соода борбору тарабынан сатылып алынган. Бардык уюштуруу маселелери, материалдык-техникалык жана транспорттук чыгымдар Кыргызстандын Россиядагы элчилиги тарабынан жабылды.
Мындан тышкары, Россия Федерациясындагы Кыргызстандын элчилигинен 100 кутуча Клексан, 100 кутуча Гепарин, 100 канюля жана бир жолу колдонуу үчүн шприцтер муниципалитетке өткөрүлүп берилди.
«Жардам шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын талабы боюнча шаардык эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы комиссиянын отурумунда таратылат», — деп кошумчалады мэрия.