Россия Ачык асман келишиминен чыкты

Үстүбүздөгү жылдын май айында Россиянын Мамлекеттик Думасы РФнын Ачык асман келишиминен (АСК) чыгышын бир добуштан колдоп, азыр, президент Владимир Путин документке кол койгондон кийин жана ошол учурдан тартып 6 ай өткөндөн кийин, Россия расмий АСКдан чыгып кетти.

Аба мейкиндигинде өз ара чалгындоо боюнча документ акыркы жылдары 35 мамлекетти бириктирип, ага 1992-жылы Хельсинкиде кол коюлган. Бара-бара өз аймактарын башка мамлекеттер көзөмөлдөшүнө кызыкдар болбогон өлкөлөр келишимден чыга башташты. Орус тараптын айтымында, Кремлдин жетекчилиги келишимден АКШ 2020-жылдын ноябрында чыккандан кийин чыгуу чечимин кабыл алган. Мамлекеттер болсо келишимден Россия анын шарттарын системалуу түрдө бузуп жатканынан улам чыкканын айтышууда. Маселен, Россиянын Калининград облусу менен Закавказьенин үстүнөн учууга чектөө киргизгени акыркы бут тоскон.

Келишимдин маңызы эки тараптын бири дагы экинчи тарапка каршы багытталган тымызын согуштук аракеттерди жасабагандыгынын гаранты катары иш алып баргандыгын белгилей кетели.

Эми батыштык талдоочулар АКШ да, Россия да келишимден чыккандан кийин жашыруун аскердик операциялардын саны көбөйүп кетүү коркунучу жогору деп ишенишет. Биз муну бүгүн Украина менен Беларустун чек араларында көрүп жатабыз. Ошол эле учурда биз дагы бир парадоксалдуу тезиске күбө болдук: келишимдер керек болгон учурда сакталат, ал эми өтө зарыл болгон учурда сакталбайт.

Добавить комментарий