РФдан кандай товарларды алып чыгууга тыюу салынат: тизме

РФ өкмөтү буга чейин Россиянын аймагына ташылып келген бир катар товарларды анын чегинен тышкары убактылуу алып чыгууга мүмкүн эмес экенин жарыялады.

“Тизмеге технологиялык, телекоммуникациялык, медициналык жабдуулар, транспорт каражаттары, айыл чарба техникалары, электр жабдуулары – бардыгы болуп 200 ашык аталыштагы, анын ичинде темир жол вагондору жана локомотивдери, контейнерлер, турбиналар, металл жана таш иштетүүчү машиналар, мониторлор, проекторлор, консолдор жана панелдер кирет. Бул чара орус рыногунда туруктуулукту камсыз кылуу үчүн зарыл”, – деп айтылат Россиянын өкмөтүнүн басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Бул товарларды экспорттоо Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерди, Абхазия жана Түштүк Осетияны кошпогондо, бардык өлкөлөргө убактылуу чектелген. Бул өлкөлөргө карата өкмөттүн өзүнчө токтому менен бекитилген экспортко уруксат берүү процедурасы колдонулат. ЕАЭБ өлкөлөрүнө, Абхазия жана Түштүк Осетияга товарларды экспорттоого уруксатты Айыл чарба министрлиги, Транспорт министрлиги, Өнөр жай жана соода министрлиги, Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Жаратылыш ресурстары министрлиги берет.

Добавить комментарий