Путин имиджин жоготуп, мамлекеттик пропаганда аудиториясын жоготуп жатат дешет серепчилер


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/12/speech-83236-1672387502-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

 

Согуш канчалык узакка созулса, россиялыктардын кооптонуу деңгээли ошончолук жогору болот, деп жазышат батыш аналитиктери. «Президент имиджин, мамлекеттик пропаганда аудиториясын жоготуп жатат. Буга байланыштуу ар кандай компаниялардын жетекчилерине (энергетика, транспорт, коммуникация тармактары жана башкалар) президенттин администрациясы Владимир Путин катыша ала турган жаңылыктар менен иш-чаралардын позитивдүү күн тартибин даярдоону тапшырды», — дешет алар. 

Социалдык сурамжылоолор орустар узакка созулган согуштан чарчаганын көрсөтүүдө. Ондогон мамлекеттик компанияларга президент тарата турган «позитивдүү жаңылыктарды» издөөгө буйрук берилди.

«Бул технология «жакшы жаңылыктардын инкубатору» деп аталат жана шайлоонун алдында рейтингди көтөрүү үчүн колдонулат. Бирок согуш талаасындагы жеңилүүлөр, мобилизация, оккупацияланган украин аймактарынан ажырап калуу ыктымалынын жогору болушу президенттик администрацияны азыртан шайлоо алдындагы айла-амалдарга барууга аргасыз кылды.

Жеңиш риторикасы менен кандуу чындыктын ортосунда калган Кремль үгүт баянынын сынган чөйчөгүн кайра жабыштыруунун жолдорун издеп жатат. Эми Путиндин расмий иш графигинде мамлекеттик корпорацияларды мааракеси менен куттуктап, оңдолгон автожолдун ачылышы сыяктуу иш-чаралар киргизилет. Эң негизгиси, президент массага «позитивдүү жана жаркын» алып келиши керек, деп эсептешет саясий стратегдер.

Добавить комментарий