Прокуратурада кадрдык өзгөрүүлөр болду

Такталбаган булактардан алынган маалыматтарга караганда, прокуратура органдарындагы жаңы дайындоолор жөнүндө белгилүү болду. Тактап айтканда, Рустам Тагаев аскер прокурорунун орун басары болуп калгандыгы айтылууда.

Аны дайындоо боюнча буйрукка көзөмөл органынын башчысы Курманкул Зулушев кол койгону такталды.

Мындан тышкары, Алмаз Кыязов Чүй облусунун прокурору болду.

Белгилүү болгондой, Кыязов буга чейин экс-башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун улук жардамчысы кызматын ээлеп келген. Тагаев Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокурору болуп иштеген.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы дайындоолор тууралуу маалыматты тастыктады.

Эскерте кетсек, Нуркамал Набиев Башкы прокурордун биринчи орун басары, Сагындык Мукашов аскер прокурору болуп дайындалган.

Добавить комментарий