Президент кыргызстандыктарды Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады

Садыр Жапаров жоокерлерге, сержанттарга, прапорщиктерге, офицерлерге, генералдарга, согуштун ардагерлерине жана Куралдуу Күчтөргө кайрылды.

“Силерди Ата Мекенди коргоочулардын күнү, бардык муундагы жоокерлердин ажырагыс байланышын жана аскердик каада-салттардын ырааттуулугун камтыган бул чыныгы улуттук майрам менен куттуктоого уруксат этиңиз.

Биздин элибиз Ата Мекенди коргоочулардын баатырдык эрдиктерин эскеришет. Жеңиш кандай кымбат баада келээрин баарыбыз билебиз.

Биздин жоокерлер Улуу Ата Мекендик согуштун каардуу жылдарына туруштук берип, Ооган согушундагы интернационалдык милдетин ар-намыстуулук менен аткарышты, Баткен куралдуу жаңжалында эрдиктин жана баатырдыктын татыктуу үлгүлөрүн көрсөтүштү. Жалпы республикалык масштабда Ата Мекенди коргоочулардын күнүн белгилөө жаштарды патриоттукка тарбиялоонун үлгүсү болуп саналат, армиянын кадыр-баркын жана аскердик кызматтын кадыр-баркын жогорулатууга өбөлгө түзөт, согуштун ардагерлеринин эрдигине жана Куралдуу күчтөргө болгон урмат-сыйды билдирет.

Аскер кызматкерлеринин азыркы мууну кыргыз армиясынын жоокерлеринин мыкты каада-салттарын ар-намыс менен улантып жатышат, өзүнүн аскердик милдетин ар-намыстуулук менен аткарып, күнүмдүк турмушта туруктуулуктун үлгүлөрүн көрсөтүшөт, Кыргызстандын аскердик коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды аткарууда берилгендикти жана кесипкөйлүктү көрсөтүшөт.

Сиздерге, кымбаттуу ардагерлер, чың ден-соолук жана бакубатчылык, өсүп келе жаткан муунду Мекенге ишенимдүү кызмат кылуу каада-салттарында тарбиялоо ишинде ийгиликтерди каалайм. Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамына күжүрмөн даярдыкта, кесипкөйлүктү жана аскердик чеберчиликти өркүндөтүүдө мындан аркы ийгиликтерди каалайм. Бардык кыргызстандыктарды эң сонун майрам — Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктайм жана чың ден-соолук, тынчтык жана бакыт-таалай каалайм”, — деп айтылат мамлекет башчысынын басма сөз кызматы тараткан текстте.

Добавить комментарий