Президент Кыргызстан элин майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Ал ар бир адамга асыл максаттардын аткарылышын, мамлекетибизди өркүндөтүү боюнча пландардын ишке ашырылышын каалады.

Куттуктоонун текстин мамлекет башчынын басма сөз кызматы таратты. Анда майрамдын миң жылдык тарыхы жана терең мааниси бар экени белгиленет.

“Жаратылыш кышкы уйкусунан ойгонгон бул күнү адамдын жаратылыш менен биримдигинин жана гармониясынын белгиси катары жүрөгүбүздө да таза ниет, жакшы тилектер ойгонот”, – деди президент.

Мамлекет башчысы быйылкы жыл тынчтыктын, токчулуктун, молчулуктун жана ийгиликтердин жылы болушун каалады.

“Элдин кызматчылары саясатты экинчи планга түртүп, элдин бакубаттуулугун камсыздоо, экономиканы өнүктүрүү боюнча иштиктүү кадамдарга барууда. Бийлик бутактары бир максатты көздөп, бир түйүнчөктө иш алып барат. Бийлик бутактары бир максатты көздөп, бир тутамда иштешет. Биздин таза ойлорубуз ар бирибиз ак ниет эмгек менен элибиздин биримдигин бекемдөөгө жана Кыргызстандын жаркын келечегин жана экономикалык өнүгүүсүн курууга татыктуу салым кошуубузга багытталсын”, – деди Жапаров.

Добавить комментарий