«Пицца империясында» мушташ: ИИМдин кызматкерине кол салгандар бөлүмдөн бошотулду

Ачык булактардан белгилүү болгондой, «Пицца империясында» мас адамдар Чүй облусунун Аламүдүн районунун ИИБнын кызматкерлерине кол салып, андан соң алар кармалып, бөлүмгө жөнөтүлгөн.

Аламүдүн-1 кичи районунун Ауэзов көчөсүндө жайгашкан «Пицца империясы» кафесинде жаңжал чыкканы тууралуу билдирүү укук коргоо органдарына 1-январда таңкы саат 6лар чамасында келип түшкөн.

Окуя болгон жерге келген тартип сакчылары азиат түспөлүндөгү төрт-беш киши мушташып жатканын көрүшкөн. Милиция кызматкерлери аларды тынчтандырууга аракет кылышкан, бирок мушташкандвр аларга кол салып, кийимдерин айрып салышкан.

«Ушул маалда жардам келип, ызы-чуу салгандар Аламүдүн РИИБге жеткирилген. Жолдо кармалган адамдар «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү кызматтык унаанын каптал айнегин талкалап салышкан. ИИБ имаратында алар уят сөздөрдү айтышып, кызматкерлерге баш ийбей, нөөмөт бөлүмүнүн айнектерин сындырышкан», – деп билдиришти редакциядан.

1995-жылы туулган Н.Ж., 1997-жылы туулган А.С., 1995-жылы туулган Ы.уулу А., ошондой эле 1998-жылы туулган М.Т. кармалган. Аларга Жазык кодексинин бир нече беренелери боюнча айып тагылган.

Маалым болгондой, 2-январда Аламүдүн районунун тергөө судьясы Жеңишбек Мелсов өз чечими менен шектүүлөрдү сот залынан камактан бошоткон. Ошол эле учурда тергөө-ыкчам тобуна келтирилген зыяндын орду толтурулган эмес.

Добавить комментарий