Ошто жаңы экономикалык аймак ачылат – мэрия


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/02/speech-85398-1675428579-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Ош шаарында бир катар эл аралык уюмдар үчүн эркин экономикалык аймак түзүү пландалууда. Долбоор талкууланууда.

Бүгүн, 3-февралда Ош шаардык мэриясында эл аралык уюмдардын, фонддордун жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен 2023-2026-жылдарга шаарды өнүктүрүү программасы талкууланды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын катышуучулары ар кыл тармактагы иштери жана долбоорлору тууралуу айтып, шаарда индустриалдык парк – эркин индустриалдык/экономикалык аймак түзүүнү сунушташты.

Идеяны Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов колдоду.

Эркин экономикалык зоналар – салык жана бажы мыйзамдарында каралган жеңилдетилген шарттардын негизинде ишкердик жүргүзүү үчүн өзгөчө режим бар мамлекеттин белгилүү бир аймагы.

Добавить комментарий