Ошто кафеде топ балдар мушташып, бирөө жаракат алды

Ош шаарындагы кафелердин биринде төрт жигит мушташып, бирөө жаракат алды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Окуя 26-ноябрда болуп, 21 жаштагы жигит ооруканага кайрылган.

«Кафеде отурган 24 жаштагы эки жигит 21 жаштагы эки бала менен мушташа кеткен. Алардын бири белгисиз куралдан жаракат алып, ооруканага келгенин милицияга дарыгерлер кабарлаган. Биринчи медициналык жардам алып кайра чыгып кеткен», — деп айтылат маалыматта.

Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Тергөө учурунда жаңжалга катышкан жарандар бири-бирине доосу жок экенин айтып, арыз жазуудан баш тартышкан. Ага карабай териштирүү жүрүп жатат.

 

Добавить комментарий