Ошто Ак-Бура дарыясынын боюндагы мыйзамсыз тургузулган үйлөр бузулат

Бүгүн, 4-мартта, Ош шаарында жумушчу комитети биринчи долбоордун ичинде бузула турган Ак-Буура дарыясынын боюндагы объекттер менен таанышууда.

Шаардык өнүктүрүү жана коммуналдык менчик боюнча шаардык бөлүмүнүн башкы адиси А.Пирматовдун айтымы боюнча, 100дөн ашуун соода жана жай-турак кимараттары, ошондой эле уруксаты жок жеке менчик имараттар бузууга киришет.

Дарыянын боюн тазалоо иши 10-мартта баштала турат деп билдиришти.

Жумушчу комитетинин мүчөлөрү айтымында, Госэкотехинспекциядан келген билдирүү каттарды алгандан кийин мыйзамсыз имараттардын менчик ээлери өз ыктыяры менен бир катар жайларды бузууну билдиришти.

Мыйзамсыз объекттеринин саны тууралуу чечим сот тартибинде кабыл алынат. Ошондой эле, жеке адамдарга тиешелуу суунун боюндагы ээн жерлер да бар.

Комиссиянын айтымында, мыйзамсыз турактарды, кургак бадалдарды, отоо жана өзгөчө дарактарды, тосмолорду жана чарбалык курулуштарды тазалоо боюнча иши башталат. Тазалоодон кийин курулуш иштери пландаштырылган.

Добавить комментарий