Саймаити чуусу: премьер Абылгазиев баштаган аткаминерлер УКМКга сурак берет

Кыргызстандан чыгарылган миллиондор боюнча журналисттик иликтөө боюнча бир катар аткаминерлер суракка чакырылат. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 39-жана 130-беренесинин 1-бөлүгү (Киши өлтүрүүгө аракет жасоо) боюнча Башкы прокуратура тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында, ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан тергөө иш чаралары уланууда.

«Иликтөө иштерин ар тараптуу жана ачык айкын өткөрүү максатында тиешелүү бардык тергөө иштери жүрүп жатат. 2019-жылдын 2-декабрында «Азаттык радиосунун» журналисттери, алардын арасында иликтөөнүн автору Али Токтакунов суракка чакырылды. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Төрөкулов, экс-депутат Ширин Айтматова, жарандык активисттер, КР Президентинин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев жана башкалар чакырылмакчы», — деп айтылат маалыматта.

Тергөөнүн жүрүшү коомчулука ар дайым маалымдалып турат.

Добавить комментарий