Мекенине кайтып келген бардык кыргызстандыктар ПЦР тестинен өтүшү керек

Кыргызстанга коронавирус инфекциясынын жаңы түрүн алып келбөө максатында, өлкөдө күчөтүлгөн коопсуздук чаралары киргизилди.

Эми өлкөгө аба каттамы менен келген Кыргызстандын бардык жарандары терс ПЦР анализин көрсөткөн сертификатка муктаж. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Учактын бортунда жүргүнчүлөр суралып, келгенден кийин анкеталар санитардык-карантиндик посттун кызматкерлерине тапшырылат. Аэропортто жарандардын температурасы, ПЦР анализдеринин болушу текшерилет. Эгерде жарандын белгилери аныкталса, ал ооруканага жаткырылат. Учуунун узактыгына же учууну кечиктирүүгө байланыштуу объективдүү себептерден улам терс ПЦР анализинин справкасы жок болсо же анын чектөө мөөнөтү аяктаса, жарандар аэропортто ПЦР тестирлөөсүнөн өтүшү керек», – деп билдирди өкмөттөн.

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү кошумчалагандай, мамлекеттик чек арадан автоунаа өткөрүү пункттары аркылуу өтүүдө КР жарандары, чет өлкөлүктөр, жарандыгы жок адамдар дагы акыркы 72 саатта терс ПЦР анализин алган справкаларга ээ болушу керек.

 

Добавить комментарий