Кыргызгидрометтин айтымы боюнча, 2020-жылы март айынын орточо айлык температурасы нормадан жогору болот.
Жаан-чачын нормасы менен түшөт, ал эми Чүй жана Талас областарында жаан-чачын өлчөмү орточо санынан жогору болот.
Чүй облусу
Айдын биринчи жарымында абанын орточо температурасы нормада болот, ал эми экинчи жарымында — 1-3 градуска нормадан жогорулайт. Кемин өрөөнүндө орточо айлык температура +5… + 7 га жетет жана тоо этектеринде + 1…+ 3.
Айдын ичинде күтүлгөн абанын температурасы түнү 0…-5 тен +3 …+ 8ге чейин, күнү +8 …+13 тон +17…+ 22 чейин байкалат, башка күндөру температураны +1 …+6 чейин төмөндөшу кутулөт
Айлык жаан-чачындын денгээли нормадан жогору келет.
Талас облусу
Айдын биринчи жарымында абанын температурасы норманын айланасында болот, экинчи жарымында 1-2 градуска нормадан жогорулашы күтүлүүдө. Орточо айлык температурасы күндүз +4…+6.