«Манас» порталынын редакциясы өз окурмандарын куттуктайт

“Манас!” Маалымат порталынын урматтуу окурмандары!

Жаңы 2021 жылыңыздар менен куттуктайбыз! Башыңыздын үстүндө ачык жана бейкут асман болушун каалайбыз. Көйгөйлөржана оорулар үйлөрүңүздөн алыс болсун.

Өтүп бара жаткан жыл бардык кыргызстандыктар үчүн оңой болгон жок. Ар бирибиз кыйынчылыктарга жана тынчсызданууларга туш болдук, кимдир бирөө быйыл жакындарын жоготууга дуушар болду.

Өткөн жылды эстеп, пандемияга каршы күрөшүп, адамдык бийик сапаттарды көрсөтүп, кесиптик милдетин аткарган адамдар менен сыймыктанабыз.

Өткөн жылы биз өлкөлөр ортосундагы, боордош элдер ортосундагы достук жана ишеним канчалык маанилүү экендигин дагы бир жолу түшүнө алдык.

Боорукердик, сүйүү, кайрымдуулук, кайраттуулук жана ата-бабаларга болгон сый-урмат биздин жүрөгүбүздө жашай берсин.

Урматтоо менен, «Манас» маалымат порталынын редакциясы

Добавить комментарий