Өлкөнү санариптештирүү: аткарылган иштер жана келечек пландар

Өкмөттүн аппаратынан билдиришкендей, вице-премьер-министр Равшан Сабиров Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык органдарынын жетекчилери менен жолугушуп, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин аткарылган иштери жана санариптештирүү боюнча келечектеги пландары жөнүндө отчеттору угулду.

Санариптештирүүнүн алкагында “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабы ишке ашырылып, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди, социалдык объектилерди интернетке туташтыруу, мамлекеттик кызматтарды электрондук форматка өткөрүү иштери улантылып жаткандыгы белгиленди.

Ошол эле учурда, 2020-жылы электрондук өкмөт порталы жаңыланып, бардык мамлекеттик структуралар «Түндүк» тутумуна туташтырылган.

Ошондой эле «Санарип аймак» автоматташтырылган маалымат тутуму киргизилген, анын алкагында биринчи жолу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында айыл аймактарын ведомстволор аралык «Түндүк» электрондук тутумуна кошуу үчүн электрондук маалымат базалары түзүлдү.

Ушундай эле иштер бажы, салык жана социалдык тармактарда иштеген мамлекеттик органдар үчүн дагы жүргүзүлүп жатат.

“Санарип технологиялар азыркы учурда дүйнө жүзү боюнча кеңири колдонулуп жатат. Өлкөдө болгон маалыматтык-коммуникациялык мүмкүнчүлүктөр заманбап чындыкка дал келиши керек. Санариптештирүүнү ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жогорку квалификациялуу IT адистери талап кылынат, алар даярдалышы керек. Муну менен катар, калкка кызмат көрсөтүү чөйрөсүн санариптештирүү улантылышы керек. Бул өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги жолдорунун бири”, – деди Р.Сабиров.

Вице-премьер-министр санариптештирүү коррупцияга каршы күрөшүүдө эффективдүү курал экендигин кошумчалап, бул багыттагы ишти күчөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Добавить комментарий