Кытайлык дарыгерлер Кыргызстанда карантинди катаалдаштырууну кеңеш кылышты

Бүгүн Кытайдан келген дарыгерлер өз мекенине кетишүүдө. Бул тууралуу 27-апрелде Өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, адистер, кыргызстандык дарыгерлердин арасында 700дөн 2 миңге чейин дарыгерлер онлайн режиминде платформага туташкан.

Үсөнбаевдин айтымында, кытайлык дарыгерлер коронавирус менен ооругандарды дарылоо боюнча колдонмолорду жогору баалашты. Ошондой эле, алардын айтымында, Кыргыз Республикасында дарылоонун ыкмалары эл аралык стандарттарга дал келет.

«Алардын байкоосу боюнча, карантин режимин күчөтүү керек. Алар өз тажрыйбалары жөнүндө айтып беришти: адамдар карантинди катуу сакташты. Бизде туура дезинфекция режими бар, аларды улантуу керек», – деди министрдин орун басары.

Добавить комментарий