Кытай Кыргызстанга зарыл учурда жардам көрсөтуугө даяр

Кытай коронавирусту женуудо, анткени алар көчөдөгү бардык жарандарды изоляция кылды, топтошкон жерлерде жугузуп алуу коркунучун азайтты. Бул тууралуу 16-мартта өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

«Кытайда болсо, статистикага ылайык, миндеген адамдар илдет менен ооруган болсо, анда акыркы күндөрү 7-8 учурлар гана аныкталууда. Кытай коронавируска каршы күрөшүү боюнча бардык чараларды кабыл алды, көбүрөөк тажрыйбага ээ жана ошондой эле, элчилик аркылуу жардамга зарыл болгонубузду сурады. Алар бизге жардам берүүгө даяр «, – деп Абылгазиев билдирди.

Эске сала кетсек! Кыргызстанда бүгүнкү күндө коронавирус менен бир да учур катталган эмес.

Добавить комментарий