Кыргызстандын жогорку муфтийи шайланды

Кечээ, 26-июнда, Кыргызстан Мусулмандарынын Курултайында Замир Ракиев өлкөнүн башкы муфтийи болуп, тогуз талапкердин арасынан шайланды.

Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) басма сөз кызматы билдирди.

Замир Ракиев 1978-жылы 15-февралда Нарын облусунун Кочкор районундагы Шамшы айылында туулган. Жогорку билим алган.

Ракиев Бишкектеги медресени, Аль-Азхар (Египет) Ислам Университетин жана БГУнун “Чыгыш таануу” боюнча магистратурасын аяктаган.

Эмгек ишмердүүлүгү:

2007-2008 – Чүй облусунун Аламүдүн районундагы “Абу Бакр Сыддык” медресесинин окутуучусу;

2008-2010 – “Абу Бакр Сыддык” медресесинин директору;

2010-2011 – Нарын облусунун Казысы;

2011-2016 – Кыргызстандын башкы муфтийинин орун басары;

2016-2017 – КМДБнын билим берүү бөлүмүнүн башчысы;

2017-2020 – муфтийдин орун басары;

2020-2021 – Бишкек шаарынын Казысы.

2021-жылдын июнь айында Кыргызстандын муфтийи болуп шайланды.

Добавить комментарий