Кыргызстандын жана Орусиянын өкмөт башчылары акча рыногундагы кырдаалды талкуулашты

Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин Кыргызстандагы кесиптеши Мухаммедкалый Абылгазиев менен телефондук байланыш аркылуу акча алмашуу жана нефт базарында түзүлгөн кырдаалды талкуулашты.

Мындан тышкары, булак маалыматтары боюнча, Абылгазиев жана Мишустин дүйнөдөгү азыркы экономикалык кырдаалдын кесепеттерин минималдаштыруу учун биргелешкен иш-аракеттер боюнча пикирлерин айтып кетишкен.

Ошондой эле кыргыз-орус карым-катнаштары менен кайчылаш-жыл алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган суйлөшуулөр болгон.

Сүйлөшүүлөрдун натыйжасында, тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да тузуугө аракет кылууну жактаган.

Буга чейин Орусия Кыргызстанда аба коргоо аскер базасын жайгаштыруусу тууралуу маалым болгон.

Добавить комментарий