Кыргызстандын Россиядагы элчилиги өз жарандарына документтерин өздөрү менен алып жүрүүнү сунуштады


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/07/speech-73014-1658733166-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги укук коргоо органдары тарабынан тынымсыз текшерүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Дипломатиялык бөлүмдүн өкүлдөрү Россиядагы кыргыздарга дос мамлекеттин мыйзамдарын бузбоого жана Россия мамлекетинин аймагында жүрүүгө уруксат кагаздарын дайыма алып жүрүүнү тапшырды.

Элчилик жалган маалымат таратпоону суранат. Бул маалымат чаташтырып, мекендештерибизди тынчсыздандырууда, деп белгилейт элчилик.

Расмий маалыматка караганда, Россияда миллиондон ашык кыргызстандык мигрант иштейт. Акыркы айларда Россиядагы эмгек мигранттары айлык маянасы азайып, кээде кечиктирилип, жумушу кыскарып кеткенин айтышкан.

Укук коргоочулар жумушсуз мигранттардан көп арыздар түшкөнүн белгилешүүдө.

Добавить комментарий