Кыргызстандын мектептеринде салтанаттуу линейкалар өтөт

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева 1-сентябрда 1-класстын окуучулары салттуу мектеп линейкасына ээ болоорун жарыялады.

«Быйыл борбор калаада 19 миң бала мектепке барат. Анын ичинен 17 миң бала биринчи класска электрондук каттоодон өткөн», – деди Виктория Мозгачева.

Быйылкы окуу жылында калган мектеп окуучулары үчүн майрамдык линейка уюштурулбайт. 1-сентябрдан баштап, 1-класстын окуучуларынан тышкары бардык мектеп окуучулары аралык форматында окушат.

«Биринчи класстын окуучулары партада отурушат, бирок бардык санитардык стандарттарга жооп берүү милдеттүү шарты менен. 20 ашык кишижен тургае класстар топторго бөлүнөт. Окутуу жумасына беш күн негизги сабактар ​​боюнча өтөт. Калган сабактар ​​онлайн режиминде окутулат», – деди Виктория Мозгачева.

Мындан тышкары, мектептин имараттары дайыма тазаланып турушу керек. Мектептер ички дааратканалар, кол жуугучтар, тепловизорлор, хлордуу килемдер жана башкалар менен жабдылышы керек.

Добавить комментарий