Кыргызстандык аялдар ачкачылык жарыялашты

Жогорку Кеңештин имаратынын жанындагы митингке аялдар чогулушту. Бул борбор калаада бүгүн өткөрүлүп жаткан төртүнчү митинг. Анын катышуучулары мөөнөтсүз ачкачылык жарыялашты.

Нааразычылык акциясын «Айымдар кыймылы» бейөкмөт уюмунан беш аял уюштурган. Ошентип, алар өздөрүнүн жарандык позициясын көрсөтүп, Кыргызстандагы саясий кырдаалга нааразычылыгын билдирүүгө аракет кылып жатышат.

«Өлкөдө парламенттик шайлоонун жылдырылышы – бул мыйзамсыздык. Азыр бийликте отурган кадрлар компетенттүү эмес. Биз Кыргызстанда тынчтык жана адилеттүүлүк болушун каалайбыз. Митинг үчүн бизге эч ким акча берген жок, биз жарандык позициябызды билдирүү үчүн өзүбүз чыктык. Сот отурумдары, анын ичинде Кой-Таш окуялары боюнча отурумдар ачык өтүшү керек деп эсептейбиз. Биз Конституцияны өзгөртүүгө да каршыбыз», – дешет митингчилер.

Ошондой эле алар ачкачылык жарыялашкандыгын жана алардын талабына жооп болмоюнча Ак үйдүн жанында туруушаарын билдиришти.

Добавить комментарий