Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими киргизилеби

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын отурумунда өзгөчө кырдаал киргизүүнүн кажети жок деген чечим кабыл алынды, деди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде.

Бир күн мурун ал бул маселе эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу бейшемби күнү штабдын отурумунда карала тургандыгын айткан.

Каратаевдин айтымында, жолугушууда премьер-министр Кубатбек Боронов бир катар тапшырмаларды берди. Атап айтканда, мамлекеттик органдарда COVID фактыларын аныктоого байланыштуу мамлекеттик кызматкерлерди алыскы жумушка которуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу. Мындан тышкары, жергиликтүү бийлик базарларда, соода түйүндөрүндө жана коомдук жайларда, айрыкча Бишкек жана Ош шаарларында көзөмөлдү күчөтүшү керек.

“Саламаттык сактоо министрлигине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына социалдык аралык жана санитардык стандарттар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. Бул протоколдук буйрук болчу, анткени бул багытта иш жүргүзүлгөн. Чараларды күчөтүү керек», – деп түшүндүрдү министрдин орун басары.

Добавить комментарий