Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында совет элинин эрдиктери жөнүндөгү эстелик биздин жүрөктөрүбүздө жашайт. Жыл өткөн сайын ардагерлер азайып баратат.
Улуу Ата Мекендик согушта 365 миң кыргызстандык фронтко мобилизацияланган. Алардын дээрлик 115 миңи мекенине кайтпай калган.
КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 108 ардагери калган.
Өткөн жылдын 9-майында КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Артем Новиков 146 ардагер калганын социалдык тармактарга жазган.
Советтер Союзунун Баатыры деген наам 73 адамга ыйгарылган.
Бүгүнкү күндө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине ай сайын 17 000 сомдон жөлөк пул берилип, ага КР Президентинин ай сайын берилүүчү өмүр бою стипендиясы жана ай сайын берилүүчү жөлөк пул кирет.