Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы начарлоо тенденциясы байкалууда

“Медиа Полиси Институту” коомдук фонду жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгында Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы начарлап баратканын билдирди.

Бул Кыргызстандын саясий моделинде авторитаризмдин белгилеринин күчөшү, мамлекет тарабынан репрессиялык чаралардын тез-тез колдонулушу, медиа чөйрөгө көзөмөлдү күчөтүү жана көз карандысыз маалымат каражаттарынын иштөө мейкиндигин кыскартуу аракеттери менен шартталган.

Мониторинг 2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын мартына чейинки мезгилди камтыйт.

Фонд белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын башынан бери үч мамлекеттик эмес интернет-редакциялар Temirov.Live, Kaktus.Media, Next ТV карата алардын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу кылмыш иши козголуп, сөз эркиндигин чектөөгө жана коомдук маанилүү маалыматка жетүүгө багытталган бир нече ченемдик-укуктук актылар иштелип чыккан.

Отчеттук мезгил өлкөдөгү сөз жана сөз эркиндигине таасир эткен маанилүү окуяларды камтыйт. Мониторингдин алкагында Facebook, Twitter, Instagram, WhatsApp жана Telegram мессенжерлери социалдык тармактары талдоого алынып, мамлекеттик жана саясий ишмерлердин билдирүүлөрү изилденген.

Апрель айынын башында эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму кыргыз бийлигин көз карандысыз журналисттерди жана маалымат каражаттарын куугунтуктоону токтотууга чакырган. Билдирүүдө Kaktus.Media сайтына жана иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон кылмыш иштеринин негизинде Next TV телеканалына кылмыш иши козголгону айтылат.

Март айында президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев сөз эркиндиги чектелип жатат деген дооматтарга жооп берген. Ал ЖМКларды «эл аралык күн тартиби татаал бойдон калууда, жалган же такталбаган маалыматтарды таратпоого» чакырды.

Султанбаевдин айтымында, «мамлекеттер ортосундагы кырдаалды курчутуп жиберүүчү «интернет булактарына» таянып, жеке телеканалдарда жалган маалыматтарды таратуудан алыс болуу зарыл».

«Кийинки соттук териштирүү болсо, сөз эркиндигин чектей баштадыңар деп айтып жатасыңар. Биздин өлкөдө сөз эркиндиги болгон жана боло берет. Аны эч ким чектебейт. Бирок, жеке телеканалдар же башка булактар ​​аркылуу сөз эркиндигине жамынып, жалган маалыматтарды таратууга жол берилбестигин эстен чыгарбоо керек. Өлкө боюнча кандайдыр бир шектүү маалыматты таратаардан мурун расмий булактарга кайрылыңыз, ал жактан сурооңузга жооп алсаңыз болот», – деди Султанбаев.

 

Добавить комментарий