Кыргызстанда обсервацияда 528 киши жатат

Кыргызстанда 19-март күнүно карата 528 адам обсервацияда болуп саналат. Бул маалыматтарды өкмөттө өткөн маалымат жыйынында, 19-мартта, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев берди.

 

Анын айтымында, карантинде жугушуу коркунучу бар өлкөлордон келген 386 адам обсервацияда жатат. Ошондой эле байкоодо үч оорулуу адамдар менен бирге учкан 142 адам да бар.

 

«Азыр бардык мамлекеттик кызматтар алар кандай транспорт мене жургон, ким менен контакт кылган маалыматтарын тактоодо. Учурда көптөгөн иштер журуп жатат, статистика абдан чоң. Эртен, контакт болгон адамдардын санын айта алабыз деп ойлойм: жакынкы тегерек, экинчи тегерек, үчүнчү тегерек. Эгердн кандайдыр бир белгилер болсо, биз аларды дароо ооруканага изоляцияга алабыз жана анализ да алабыз», — деди министр.

Добавить комментарий