Кыргызстанда коронавирустун дагы үч учуру

Кыргызстанда коронавирустун дагы үч учуру табылган. 20-мартында бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын айтымында, алар Ноокат районунун үч тургуну жөнүндө кеп болуп жатат.  Алар Сауд Арабстандан кичи ажылык тан кайтып келишкен.

«Бул адамдар ажыга барган. Алар менен байланышкан адамдар менен иш болуп жатат. Алар ооруканага жеткирилген, азыр. Дарыланып жатышат», — деп билдирди министр.

«Мен толук айта албайм. Азыр толук диагноз коюла элек. Эми аларда эч кандай оорунун белгилери жок», — деди министр.

Министр  алардын жеке маалыматты жана алар менен мамиле кылган оорукана тууралуу айта албайм деп билдирди. «Мен бир гана алардын абалы тууралуу сөз кыла алам. Алардын абалы Жакшы «, — деди ал.

Демек, Кыргызстандын аймагында болгону менен 6 учур катталган. Сузак районундагы аныкталган алгачкы үч учур.

 

Добавить комментарий