Кыргызстандын бийликтери токтом кабыл алышы мүмкүн, ага ылайык республикада 90 күндүн ичинде бензинге жана дизелдик отунга бааны мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет.
Министрлер кабинетинин тиешелүү токтомун Экономика министрлиги коомдук талкууга койду.
Бааны жөнгө салууну 90 күнгө киргизүү сунушталууда. Максаты – мотор майынын өздүк наркынын өсүү темпин ооздуктоо жана калкты өз убагында камсыздоо.
Токтом кабыл алынса, дизель майына, АИ-80 жана АИ-92 үлгүсүндөгү бензинге максималдуу баалар белгиленет.
Январдан бери КРда мунай продуктыларынын баасы кандайча өстү?
АИ-80 – литри үчүн 23,5 сомго (73,4 пайызга);
АИ-92 – 22,4 сомго (63,3 пайызга);
дизелдик отун – 17,7 сомго (49,5 пайыз).
Эске салсак, Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы октябрь айында министрлер кабинетине 1-ноябрдан 31-декабрга чейин бензинге жана дизелдик отунга акциздик салыктын ставкаларын төмөндөтүүнү, ошондой эле мунай продуктуларын ташып келүүнү КНСтен убактылуу бошотууну сунуштаган.