Кыргызстанда инвесторлор экономикага кошкон салымы үчүн 5 жылга виза ала алышат: ЖК мыйзам долбоорун кабыл алды


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/01/speech-83936-1673449635-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Кыргызстандын Жогорку Кеңеши республиканын экономикасына инвестиция салууга даяр чет элдик жарандардын виза алуусун жеңилдетти.

Бүгүн, 11-январда Жогорку Кеңештин депутаттары “Тышкы миграция жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты.

“Кабар” агенттигинин маалыматына ылайык, жобо чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн виза алуу процессин жеңилдетип, ишкердик визалардын мөөнөтүн узартып, инвесторлорго өлкөнүн экономикасына салым кошуунун бир нече варианттарын сунуштайт.

Айрыкча чет өлкөлүк жарандар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн узак мөөнөттүү виза алууга укуктуу.

Мыйзам долбоорунда салынган суммалардын градациясы сунуш кылынат, ага ылайык 10 млн сомдон кем эмес суммада чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам 5 жылга, ал эми 20 млн сомдон кем эмес суммада салынганда 10 жылга виза алууга укуктуу.

Долбоордун демилгечилери: депутаттар Дастан Бекешев, Сейид Атамбаев, Жанар Акаев, Эльвира Сурабалдиева.

Добавить комментарий